АКЧАМАТ КЫЗМАТЫНЫН ИШИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ПЕТИЦИЯ


Урматтуу Динара Жанышбековна!

Бул кат менен биз сизге «Акчамат» компаниясынын кардарларынын атынан кыска мөөнөттүү займды алуу зарылчылыгына байланыштуу кайрылабыз.

Сиздердин кызмат 1000 – 2000 сомго чейинки займ керек учурда эң ыңгайлуу жана керектүү болуп саналат себеби кредиттик жана ломбард уюмдарына кайрылуунун зарылчылыгы жок, ошондой эле тааныштар, достор, туугандар жана кесиптештердин арасынан карызга акча издөө моралдык жана психологиялык жактан биз үчүн ыңгайсыздык болуп эсептелет.Андан тышкары жашаган жерин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган көптөгөн маалымкаттарды берүүнүн кажети жок. «Акчамат» - цивилизацияланган жана контактсыз мамиле, өзгөчө COVID 19 күчөгөндө биз үчүн эң жагымдуу.

Займ берүү токтотулгандан бери Сиз бизди майда тиричлик муктаждыктарын чечүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койдуңуз, анткени өлкөдө Акчаматтын ишмердүүлүгүнө окшош башка каржылоо булактары жок.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу «Акчамат» терминалдары аркылуу займ берүүнү кайра баштоону суранабыз.

Кол коюучулардын саны:
1267